• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Төө-Ашуудагы туннелди асфальттоо иши башталды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, туннелдин 2 миң 510 метрди түзгөн унаа жолу толугу менен асфальтталат.

Белгилей кетсек, туннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылып турат.

Иштер 26-июлдан 6-августка чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта унаалар төмөндөгүдөй график менен өткөрүлүп турат:

Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

- оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;

- жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.

Ал эми борбор калааны көздөй - Бишкек - Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

- оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;

- жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.

Пикир

Оставить комментарий