Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 11-январда Баткен гарнизонундагы аскер бөлүктөрдүн командирлерине, башкармалык башчылары жана офицерлери үчүн кеңешме өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеде Баткен гарнизонунун аскер прокурору, юстициянын полковниги Р. Бейшалиев Кылмыш Жаза Кодексинде киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу кеңири маалымат берди.
Ошондой эле, аскер прокурору өткөн жылдын жыйынтыгына токтолуп, быйылкы жылга карата коюлган милдеттер боюнча да айтып өттү.
Пикир
Оставить комментарий