• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде автобекеттердин иши алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө - Транспорт министрлиги

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Баткен облусунда автобекеттердин иши алгоритмге ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы автобустук каттамдар жана автобекеттердин иштери бекитилген алгоритмдин негизинде жүрүүсү көзөмөлгө алынып, башкармалыктын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Аны менен бирге Республикалык жана облустук штабдын тапшырмасы менен коомдук транспорттордо санитардык талаптардын сакталуусу боюнча массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда мекемелер аралык рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Баардык кичиавтобустар күн сайын дезинфекциядан өтүп, антисептик жана беткап менен камсыздалган. Кичиавтобустардын салондоруна жүргүнчүлөр үчүн жеке гигиена тууралуу маалыматтар тагылган.

Ошондой эле штабдын жана алгоритмдин талаптарын так аткаруу боюнча 13 мекемеге көрсөтмөлөр берилди. Бүгүнкү күндө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана алгоритмди сактабагандыгы үчүн 2 айдоочуга 2 миң сомдон айып салынды.

"Бекитилген алгоритмдин негизинде оор жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына милдеттеме жана анкета толтурулуп, уюлдук телефонуна COVID-19 тиркемеси орнотулуп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий