• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Баткенде аскер кызматкерлеринин атайын жана күжүрмөн даярдыгы бааланды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Баткенде аскер кызматкерлеринин атайын жана күжүрмөн даярдыгы бааланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн аскер кызматкерлери Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын аскер куткаруучулары быйылкы окуу жылынын жыйынтыгын чыгарууга чогулду.

Өздүк курам кесиптик жана дене тарбиялык жактан даярдыгын көрсөтүп, аралыкка чуркоо, жерден түртүлүү (отжимание), турникке тартынуу, издөө-куткаруу иштеринде керектелчү куткаруу шаймандарын, радиациялык жана химиялык уулуу заттардан коргонуу каражатын убакытка карап кийишти.

Мындан сырткары, саптык даярдык жана кесиптик билим деңгээлин баалоо үчүн тестирлөөдөн өтүштү.

Өздүк курам 2024-жылдын жыйынтыгын чыгаруу менен биргеликте, куткаруучулук кесип физикалык мыкты даярдыкты, кесипкөйлүктү талап кыларын тастыктап, буга чейинки алган билим-тажрыйбасын бышыктай алды.

Пикир

Оставить комментарий