• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Баткенде чек ара кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.24. /Кабар/. Күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүндө аскер кызматкерлеринин балдары үчүн "Айгүл" балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, анын орун басары Данияр Сатимов, президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек ара кызматынын Баткен облусундагы башкы башкармалыгынын башчысы Замирбек Надырбеков, ошондой эле облустагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү мекеме жетекчилери жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, 2022, 2053 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү катышты.

Анда Камчыбек Ташиев аскер кызматчыларын жана үй-бүлө мүчөлөрүн жаңы балдар бакчасынын ачылышы менен куттуктап, жаш балдарга өзүнүн белектерин тартуулады.

Мындан сырткары, ал Монголия жана Россияда өткөн эл аралык татаал согуш өнөрү (комплексное единоборство) боюнча турнирге катышкан 2051 жана 2053 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларын сыймыктуу жеңиштери менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

Мелдеште Өмүрбек Аширбеков 2-орунду, Бекназар Азаматов, Марлен Жеңишбек уулу, Эгемберди Жекшенбек уулу, Давлет Канатбеков, Манас Каразаков, Азамат Жумаковдор 3-орунду ээлешкен.

Пикир

Оставить комментарий