• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Баткенде чек ара окуяларында курман болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Баткен шаарында 2021-жылдын апрелиндеги жана 2022-жылдын сентябрындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө чек арадагы куралдуу жаңжалда курман болгон жарандардын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Пикир

Оставить комментарий