• 87
  • 89.63
  • 0.85

Баткенде куткаруучуларга шаймандар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Баткен облусунун, Лейлек районундагы куткаруучуларга шаймандар тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылда сел кырсыктары көп катталып, анын кесепеттерин жоюуда куткаруучуларга зарыл болгон шаймандарды алуу маселеси көтөрүлгөн эле.

Натыйжада аймактарды өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөтүүгө макулдук берген.

Аталган демилге ийгиликтүү ишке ашып, Лейлек району боюнча ӨКБнүн карамагына 300 миң сомдон ашуун каражатка 4 даана дизелдик мотопомпо тапшырылды. Аталган техникалык каражаттарды Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков таршырып, мындай колдоо аймакта сел, суу жана өрт кырсыктарынын алдын алууда, кесепетин жоюуда маанилүү болуп экендигин белгиледи.

Аким өздүк курамдын жумуш шарты менен да таанышып чыгып, быйылкы жылга карата да куткаруучулар үчүн ар тараптуу колдоолор уланаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий