• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Баткенде “Социалдык келишим” долбоору 100 пайыз аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. Баткенде “Социалдык келишим” долбоору 100 пайыз аткарылды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 2024-жылга пландалган 2 847 үй-бүлөгө 100 миң сомдон социалдык колдоо каражаты толугу менен берилди. Анын ичинен, республикалык бюджеттин эсебинен 2 440 үй-бүлөгө, Дүйнөлүк банктын эсебинен 407 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.

Баткен облусунун аймагында акыркы 3 жыл ичинде жалпысынан “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алган аз камсыз болгон 4 196 үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык жардамга ээ болушкан. Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, кызмат көрсөтүүлөр, соода сатык жана тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө.
Алардын ичинен ишкердигин кеңейтүү үчүн 3 үй-бүлөгө 200 миң сомго чейин пайызсыз насыя берилген.

Пикир

Оставить комментарий