• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Базар-Коргондо сууга чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Базар-Коргондо сууга чөгүп кеткен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-май күнү саат 17:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 1963-жылы туулган И.А. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылып, саат 12:10до туугандары тарабынан анын сөөгү Могол-Коргон каналынан табылган.

Пикир

Оставить комментарий