• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстан Казакстандын тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири – Тлеуберди

Саясат 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Бишкекке расмий иш сапары менен келген Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен тар чөйрөдө жолугушуу учурунда кыргыз-казак мамилелери жогорку деңгээлде экенин белгиледи.

“Менин иш сапарымдын негизги максаты – союздаштык мамилелерге болгон умтулуубузду ырастоо. Бул биздин эки тараптуу кызматташтыгыбыз эң жогорку деңгээлде экенин айгинелейт. Биз үчун кыргызстан тышкы саясаттын негизги багыттардын бири болуп саналат”,-деди казак министри.

Пикир

Оставить комментарий