• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Таласта 40 жаштагы аял сууга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. 21-август күнү саат 16:00 чамасында Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Талас дарыясына 1978-жылы туулган Ж. Н. аттуу аял түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 22-август күнү КР ӨКМне билдирген. Издөө иштерине КР ӨКМнин №93 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, 22-август күнү саат 13:10до маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий