• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Бажычылар Түркмөнстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктү аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. "Ош" бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзамын бузуу фактысы аныкталды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Түркмөнстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүк аныкталды.

Белгиленгендей, товардын толук аталышы коштоочу документтерге киргизилбей, туура эмес маалымат менен бажылык жүк катары декларацияланган.

Аталган факты каттого алынып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ал эми жүк салынган унаа бажы кызматкерлеринин коштоосунда "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын Каратай шаарындагы убактылуу бажы көзөмөлүнүн аймагына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий