Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Россиянын “Пятница” телеканалында көрсөтүлгөн “Царица” музыкалык долбоорунунун финалында кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбекова 46,59 упай топтоп, экинчи орунду ээледи.
Бегимай Турусбекова “Обезоружена” ырын аткарып, негизинен калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан жогорку баага татыды. Бирок, Алена Свиридова Бегимай Турусбекованын эмоциясы жетишсиз экенин белгилеп, ага 9 упай ыйгарды.
“Кубулжуган сонун үнүңүз бар. Бирок, бүгүн ырдын айрым жерлерин жерине жеткире ырдай алган жоксуз. Эгер толкунданбаганыңызда, бардык жогорку ноталар башында таза аткарылмак”, - деген белгилүү ырчы Лариса Долина дагы Бегимай Турусбековага 9 упай берди.
“Бүгүнкү аткаруу өзгөчө кыйын болду. Анткени ыр кыйын. Жогорку ноталар да бар. Долбоордун бүтүп жатканы өкүнүчтүү. Долбоор мага абдан жакты”,- деди Бегимай Турусбекова көшөгө артындагы маегинде.
Долбоордун жеңүүчүсү болуп 49,62 упай топтогон Светлана Ларионова табылды.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жалпысынан Бегимай Турусбекованын бүткүл долбоордун алкагында лидер болгондугун, финалда алган упайлары төмөн бааланганын айтып, сынактын жыйынтыгына терс баа беришти.
Бегимай Турусбекова Жалал-Абад облусунун Казарман айылында туулган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Бир нече убакыт кафелерде ырдап, бирок турмуш курган соң чыгармачылык карьерасын токтоткон.
Ал 2022-жылдын июнь айында "Ынтымак" паркында Селин Дион менен Уитни Хьюстондун ырларын аткарып, элге таанылган. Бул анын чыгармачылык жашоосундагы жаңы этаптын башталышы болгон.
Пикир
Оставить комментарий