Бишкек, 15-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 1-пунктунун 6-бөлүмүнө ылайык кол койгон буйругу менен Минбаев Бекболот Бекназарович берген арызына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматтык милдетин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздо бөлүмү билдирди.
Бекболот Минбаев Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулду
15/03/17 15:39 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий