• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз сырткы жарнактар алынып салынды

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. 13-14-март Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев протоколдук тапшырмасынын жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча үч айлыктын алкагында, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмү мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү менен биргеликте Ош шаарынын Ленин, Навои жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү мыйзамсыз жайгаштырылган жана эскирип талаптарга жооп бербеген сырткы жарнактарды алып салуу иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген дубалдагы 18 даана жарнактар, эскирген 15 даана көрнөктөр жана жөө жүрүү тротуарлардагы 19 даана штендерлер алынып салынды.

Бул иш-чаралар жарыяланган үч айлык аралыгында жана орнотулган тартипте жыл бою уланат.

Пикир

Оставить комментарий