Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. 11-январда Берлинде «Кыргызстан, мен сени сүйөм» көркөм тасмасынын бет ачары болду.
Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришкендей, иш-чара дипломатиялык өкүлчүлүктүн колдоосу менен Германиядагы кыргыз диаспорасынын активисттери тарабынан уюштурулган.
Тасманын бет ачар аземине кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү жана башка искусство сүйүүчүлөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, кыргыз маданиятын эл аралык аренада даңазалоонун маанилүүлүгүн белгилеп, уюштуруучуларга демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, каада-салттарынын байлыгын жана азыркы турмушун чагылдырган тасма көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.
Премьера кыргыз маданиятын жайылтуу жана элдердин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү окуя болуп калды.
Пикир
Оставить комментарий