• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Билим берүү министри Чаткалдын алыскы айылында окуучуларга сабак өттү

Билим 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Чаткал районундагы эң алыскы А.Айымбетов орто мектебинин 1-классынын окуучуларына сабак өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр тоолуу аймактын окуучуларына сабактын мыкты усулдук элементтери менен сабак өттү.

Ошондой эле мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери, район акими жана айыл өкмөттөрү менен жолугушуп, мугалимдерге сабакты түшүндүрүү боюнча өзгөчө элементтерин көрсөтүп берип, "Алтын Казык” программасы менен тааныштырды.

Эскерте кетсек, А.Айымбетов мектеби 2013-жылы өрттөнүп, ордуна жаңы заманбап үлгүдөгү билим уясы курулган.

Пикир

Оставить комментарий