• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлигинде кыргыз-орус кызматташтыгынын келечектүү маселелери талкууланды

Билим 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлунда КР Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев менен Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, «Роскызматташтыктын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедевдер да катышты.

Жолугушууда тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелери талкууланып, кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы пландар белгиленди.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандын аймагында орус тилинде окута турган биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарынын курулушу жана иштетилиши менен байланышкан маселе болду.

Андан тышкары, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана кеңейтүү, Кыргызстандын жарандарынын алдыңкы россиялык жогорку окуу жайларда билим алуусу үчүн квоталардын санын көбөйтүү, ошондой эле жаштарды маданий агартуу маселелеринде өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө багытында биргелешкен аракеттерди жасоо тууралуу макулдашышты. Ошондой эле тараптардын ортосундагы бардык маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү үчүн мындай жолугушууларды такай өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий