• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министринин орун басары мектеп төлөмүнө байланыштуу суроого комментарий берди

Билим 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мектептердеги төлөмдөргө байланыштуу маселеге комментарий берди.

Анын маалыматына караганда, ведомство кандайдыр бир мектеп төлөмүн мыйзамдаштырууну сунуштаган эмес. «Бул мектептерди каржылоо маселесин чечүүнүн варианттарынын бири болгон»,-деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары азыр көпчүлүк мектептерде коомдук бирикмелер жана фонддор бар, алар материалдык-техникалаык базаны бекемдөөгө жана балдарга шарт түзүп берүүгө жардам берет деп белгиледи.

«Мунун оң жана терс жактары бар. Кээ бир ата-энелер аталган процессти түшүнбөй эле түрдүү көзөмөл органдарына арыздана беришет. Ошондуктан биз аталган маселени укуктук талаада чечүүнүн жолун издеп жатабыз»,-деди Жусупбекова.

Буга кошумча ал эгер укуктук ченемдер кошумча төлөөнү мыйзамдаштырууга жол бербесе, анда ошондой болот деп белгиледи.

Эскерте кетсек, КР билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев жрналисттердин мектептердеги ата-энелер фондунун ишине байланыштуу суроолоруна жооп берип жатып, мектептин материалдык-техникалык базасын кошумча колдоого жумшала турган ата-энелер төлөмүнүн жылдык суммасын бекитип алсак жакшы болмок деген оюн билдирген.

Өз кезегинде бүгүн КР президенти Садыр Жапаров КР Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелеринде окуучулардын ата-энелеринен акча чогултууга караманча каршы экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий