• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Билим берүү министри: Жаңы дайындалган директорлорду чоң жоопкерчилик күтүүдө

Билим 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясына директор болуп дайындалган Сайрагүл Атаева менен №68 мектеп-гимназиясына директор болгон Чолпон Рыспаеваны куттуктап, алдыдагы жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады.

Өз сөзүндө министр бардык талапкерлерге ийгилик каалап, заман талабына жараша өзгөрүүлөргө даяр болуу жана билимдүү муунду тарбиялоо үчүн биргеликте иш алып баруу, атаандаштыкка жөндөмдүү бүтүрүүчүлөрдүн моделин тарбиялап өстүрүү маанилүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгында Сайрагүл Атаева 77,5%, ал эми Чолпон Рыспаева 72,5% упай топтоду.

Пикир

Оставить комментарий