• 87
  • 89.63
  • 0.85

Билим берүү министрлиги кадрлар резервин түзүү максатында ачык конкурс жарыялайт

Билим 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык конкурс жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Конкурска 21 жашка толгон, бош турган административдик мамлекеттик кызмат орунун ээлөө үчүн зарыл болгон белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алышат.

Квалификациялык талаптар

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

- жекече арыз;

- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2022-жылдын 21-апрелинен 2022-жылдын 14-майына чейин.

Дареги: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257.

Билим берүү жана илим министрлиги, 212, 219-кабинеттер.

Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, (0312) 66-46-43

Пикир

Оставить комментарий