• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Билим берүү министрлигинде 414 млн сомдук каржы бузуулар аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим минитсрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билидришти.

Аудиттин жыйынтыгында министрликте жалпы – 414 547,4 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Анын 78 200 сому калыбына келтирилди, эми дагы 154 180 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинен:

  • КР бюджеттик системасынын бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол берилген бузуулар – 10 314,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 422,8 сом.
  • КР бюджеттик системасынын бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 150 478,2 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 41 626,7 миң сом; Калыбына келтирилди - 425,1 миң сом.
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер – 123 839,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 87 255,2 мин сом; Калыбына келтирилди - 72 842,3 миң сом.
  • эсептин жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 89 191,1 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 24 539,0 мин сом; Калыбына келтирилди – 4 932,7 миң сом.
  • мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуулар – 39 053,6 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 336,3 мин сом.
  • коллизиялар жана ченемдик укуктук актыларды жана эл аралык келишимдерди процедуралык бузуулар - 1 670,8 сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий