Дүйнө жаңы тартипти куруу этабына өтүп жатканда коомдогу руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктар өзгөчө мааниге ээ болууда. Бул баалуулуктар сакталбаса жана бекемделбесе, биз өзүбүздүн жүзүбүздү жана адамдык касиетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 29-январында "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Жарлыктын максаты ички саясаттын эң маанилүү багытын – жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү. Аны менен бирге кыргыз элинин маданиятынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо болуп саналат.
Өкмөткө коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин жана бардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусунда 1-июнга чейин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндө концепцияны иштеп чыгуу боюнча тапшырма берилген.
Президенттин аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев руханий-адеп-ахлактык өнүгүү Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыгы болгонун белгиледи.
"Ал жарлык бүгүн эле пайда болуп калган жок. 30 жылдан бери, дегеле адамзат жаралгандан бери эле коомдогу бир идеянын болушу, коомдун өнүгүшү, туруктуулугу жана адамдардын бир тартипке келишинин негизинде пайда болгон. Өзгөчө Кыргызстан өзүнүн эгемендигин алгандан бери ар жактан идеологияны издеп көрдү. Чет өлкөлөр идеологияны кандай түзгөнүн байкадык. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы өлкө башчы бул багытта так максат коюп, жарлык чыгарган эмес. Кыйыр түрүндө адеп-ахлак, ыйман боюнча жарлык чыгып келген. Жапаров бул маселени кабыргасынан коюп, кандай коомду курабыз, коомду куруш үчүн негизги максатты аныкташыбыз керектигин белгилеген. Максаты аныкталагандан кийин милдеттер кандай болот деп, 1-июнга чейин өкмөткө концепция иштеп чыгуу тапшырмасы берилген", - деди ал.
Базарбаев концепцияны кыргызча которгондо "багыт" деген түшүнүктү берерин билдирди.
"Учурда кызыкчылыктардын кагылышы болууда. Ар ким окуп-иштеп келген жерлеринен үйрөнгөн нерселерин кыргыз коомчулугуна киргизе берет. Мындан улам жалпы коомчулук менен бирге жалпы бир эрежени түзүүгө туура келип жатат. Көптөгөн коомдук уюмдар, окумуштуулар жана башкалар жалпы бир концепцияны иштеп чыгып, коомго алып чыгышат. Анан коомдук талкуу болот. Концепция кабыл алынгандан кийин биздин өзүбүздүн өнүгүү, идеологиялык багытыбыз аныкталат деп ойлойм. Ал эми концепцияны иштеп чыгуу боюнча өкмөткө тапшырма берилип, 19-мартта комиссия түзүлдү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жооптуу болуп табылган. Комиссия кийинки жумада жыйынга чогулат. Алар иш графигин түзүшөт. Бизге концепциянын тарыхый, юридикалык жана маданият жагы деп 3 секцияга бөлүнөрүн айтты", - деп баса белгиледи Базарбаев.
Концепцияны иштеп чыгууда төмөнкү принциптер эске алынуусу керек:
- турмуштук жүрүш-турушта руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;
- коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы жана аларды бири-бирине каршы койбоо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;
- мамлекеттин жана коомдун негизи катары тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу жана баалуулугу;
- патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге жана мекенге берилгендиги жана кызмат кылуусу;
- элдин мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ишенич деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаңы талаптарды төмөнкүдөй негиздерде иштеп чыгуу:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Конституцияны жана мыйзамдарды сактоодо, кызмат ордундагы жана кызматтык ыйгарым укуктарды коомдук иште жана жашоо-турмушта ак ниет аткаруунун үлгүсү болуусу жана элдин пикирин жана талабын билдирүүсү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кыйла квалификациялуу, жогору адеп-ахлактуу жана кынтыксыз бедели бар адамдарды даярдоо жана алардын арасынан тандоо.
Теманы утурлай биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөргөн.
Талкуунун жүрүшүндө Артем Новиков белгилегендей, концепциянын долбоору толукталып иштелип чыгышы керек, анда көрсөтүлгөн бардык иш-чараларды жүзөгө ашырууга басым жасалышы керек.
"Концепцияда бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун камтыган руханий багыттамалар тутумун түзүүгө арналган көлөмдүү улуттук милдеттер каралышы тийиш. Концепциянын бардык компоненттери теориялык жоболорду гана эмес, практикалык сунуштамаларды да камтышы керек", - деп белгиледи вице-премьер.
Талкуу жыйынтыгы боюнча концепциянын долбоорун толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды, мында анын эксперттик колдоосун жана потенциалын кеңейтүү, ошондой эле кеңири коомдук талкууга алынышы эске алынышы зарыл.
Президенттин жарлыгынын алкагында маданият, билим берүү, илим жана спорт мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына сунуштар берилген.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов “Кабар” агенттигине маалымдагандай, өкмөттөн Маданият министрлигине, 7 облустун өкүлчүлүктөрүнө, Билим берүү жана илим министрлигине концепциянын долбоорун иштеп чыгып, бекитилген тартипте өкмөткө киргизүү тапшырмасы коюлган.
"Бул боюнча биздин министрликтин буйругу менен ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иштеп чыккан материалдары боюнча кеңешме өтүп, биз сунуштаган концепциянын долбоору каралган. Ведомстволор аралык комиссиянын деңгээлин жогорулатыш керек деп 19-мартта премьер-министрдин буйругу менен ал комиссия кеңири форматта түзүлдү. Анын төрагасы болуп маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев бекиди. Өкмөттүн аппаратынын жана Билим берүү министрлигинин өкүлү теңтөрага болушту", - деп маалымдады ал.
Секимов башка министрликтердин адистеринин деңгээлинде түзүлгөн комиссия өздөрүнүн долбоорун иштеп чыгышканын айтат. Эми кеңири форматта иштелип чыккан долбоор каралып, коомдук талкууга коюларын толуктады.
Кошумчалай кетсек, президенттин жарлыгын талкуулоо үчүн "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясында алдыңкы окумуштуулар, эксперттер жана маданият ишмерлери чогулушту.
Анда "Кыргыз жолу" бириккен руханий коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев кадр саясатын өркүндөтүү жана коомдун руханий-адеп-ахлагын өркүндөтүү боюнча эң туура жана оптималдуу чечимдерди табууга аракет кылган мындай жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиледи.
"Иш-чаранын негизги максаты - өлкөдөгү саясий жана коомдук кырдаалды белгилүү илимпоздор жана эксперттер менен тыгыз талкуулоо. Муну менен катар кадр саясатын реформалоо маселелерин көтөрүү. Анткени кадр саясаты мамлекеттин өнүгүшүнө жана коомдун калыптанышына негиз болуп саналат", - деди ал.
Саясий байкоочу Азамат Темиркулов онлайн курултайды киргизүүгө токтолду. Анын пикиринде, онлайн курултай кадр саясатын бир топ өзгөртө алат жана мамлекеттик башкаруу тутумун өркүндөтөт.
"Европанын өнүккөн өлкөлөрү көптөн бери мамлекеттик башкарууну онлайн форматка өткөрүп келишет. Ал жерде маанилүү саясий институттар жана саясий процесстер онлайн режиминде жүрүп жаткандыгына жетишти. Бизде курултайды электрондук түрдө өткөрсөк болот. Ар бир жаран мамлекеттин түзүмүнө активдүү катыша алат. Балким, ал парламентке альтернатива болушу мүмкүн, эгер ал натыйжалуу иштесе, ал тургай парламенттин функцияларын өзгөртө алат. Каржы жагынан алганда чыгымдар талап кылынбайт", - деп айтат саясий байкоочу.
Баса белгилеп кетчү жагдай, президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" концепциясы кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүндө коомдук адеп-ахлакка, жарандык аң-сезимге, адамдын адамга карата мамилесине оңдуу таасирин тийгизиши керек.
Жыйынтыктап айтканда руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды жана технологиялык прогресстин жаңы жетишкендиктерин кылдат жана акылга сыярлык айкалыштыруу мамлекеттүүлүктү да, элдин биримдигин да сактай алат. Кыргыз элинин жана Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын жана элдин каада-салтына, үрп-адатына таянып, цивилизациялуу жана гүлдөгөн мамлекетти ийгиликтүү куруп, алдыга илгерилей алабыз.
Адил Төлөгөнов
"Кабар" МАБ
Пикир
Оставить комментарий