УИА президенти: Түркия жана Сириядагы жер титирөө Кыргызстандагы сейсмикалык процесске таасир этпейт

Аналитика 0

Түркияда жана Сирияда ири кыйроолорго жана курмандыктарга алып келген жер титирөөлөр кыргыз элинде көптөгөн суроолорду жаратып, эми биздин республикада да катуу жер титирөө болушу мүмкүн деп кооптонушууда. Буга байланыштуу “Кабар” маалымат агенттиги көп жылдардан бери тектоникалык процесстерди илимий деңгээлде изилдеп, Сейсмология институтун жетектеген КР Улуттук илимдер академиясынын (УИА) президенти Канатбек Абдрахматов менен кеңири маектешти.

- Кыргызстан сейсмикалык активдүүлүк күчөгөн зонада жайгашкандыктан Түркия менен Сириядагы катастрофалык жер титирөөлөр Кыргызстандын тургундарынын кооптонуусун жана тынчсыздануусун жаратты. Масштабдуу жана катуу жер титирөөлөр биздин аймактагы тектоникалык процесске таасир этиши мүмкүнбү?

- Түркия менен Сириядагы сейсмикалык окуя Бишкектин жанында жана Кыргызстандын аймагында катуу жер титирөөлөрдүн болушуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Чындыгында, биздин аймакта жана күчтүү силкинүүлөр катталган жерде тектоникалык түзүлүш жана очоктордун пайда болуу шарттары такыр башка. Биз жалпылыгы жок эки башка тектоникалык плитага таандыкпыз. Түркия Араб плитасынын учунда, биз Индия плитасынын учундабыз. Аларды миңдеген километр бөлүп турат. Демек, Түркия менен Кыргызстандагы сейсмикалык күчтөрдүн ортосунда түз байланыш болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан тынчсызданууга себеп жок.

Айтмакчы, кечээ Казакстанда болгон жер титирөө жөн гана кырсык. Бул Түркиядагы жер титирөөгө түз байланышы жок деп ойлойм.

- Жер титирөөнүн так убактысын айтуу мүмкүн эмес, бирок орто жана узак мөөнөттүү божомолдоо жетишерлик өнүккөн. Сейсмологдор Түркия жана Сириядагыдай жер силкинүүнү алдын ала билишкенби?

-Тилекке каршы, бүгүнкү күндө сейсмологиялык илим алдыда боло турган табият кырсыгынын убактысын, ордун жана күчүн аныктай ала турган деңгээлге жете элек. Окумуштуулар тиешелүү техника жана жабдуулар менен жетишерлик жабдылбаган Кыргызстан жана жалпы эле Орто Азияда эмес, жада калса жабдуулар бири-бирине жакын - ар бир 10 км аралыкта жайгашкан Америка жана Японияда дагы алдыда боло турган жер титирөөнү айта алышпайт. Сейсмология илими олуттуу өнүгуүгө жетишти, бирок так кыска мөөнөттүү болжолдоо жагынан дагы эле чоң кыйынчылыктар бар.

- Башкача айтканда, чыңалуу пайда болгон жер титирөөнүн потенциалдуу булактары белгилүү, бирок жер качан силкинери белгисиз, ал бир нече күндө, балким, бир нече жылдан кийин болушу мүмкүн...

- Жалпысынан алганда, катуу жер титирөөлөр сейрек кездешет, бул үчүн жер кыртышында чыңалуу топтолушу керек. Биз квазимезгилдүү деп аталган кыйратуучу соккулардын пайда болушун билебиз. Демек, Түркиядагыдай 7,4-7,5 баллдык жер титирөөлөр болушу үчүн 3-5 миң жылдай убакыт керек.

Калкты кичине тынчтандыруу үчүн мен Бишкектин айланасында мындай кыйратуучу жер титирөө 700 жылга жакын мурда болгонун айткым келет. Эми эсептеп көрүңүз, ошондуктан мен 200-300 жыл бул боюнча тынчсызданбайт элем.

- Кыргызстан боюнча кандай божомолду айтат элеңиз? Өлкөнүн жашоочулары жер титирөөнүн ыктымалдыгы жөнүндө эмнени билиши керек, алар кандай күчтө жана кайсы аймактарда күтүлөт?

- Мен Кыргызстандын аймагында учурда сейсмикалык активдүүлүк мезгили экенин дайыма айтып келем. Активдүүлүк мезгили 2008-жылы Нура айылында катталган 8 баллдык жер титирөөдөн башталган. Анда зилзаланын кесепетинен 75 адам каза тапкан. Сейсмикалык активдүүлүк мезгили 2026-жылы аяктайт, тактап айтканда, дагы 2-3 жылга созулат. Бирок, мен Нура айылындагы жердин силкинүүсүнөн соң дагы бир нече жолу жер титирегенин, алардын күчү очогунда 4-5 баллга жеткенин айткым келет. Сейсмикалык активдүү мезгил олуттуу кесепеттерге алып келген жердин силкинүүсү менен коштолбойт деп үмүттөнөм. Ал эми 2026-жылдан кийин тектоникалык тыныгуу мезгилине келебиз.

- Кесипкөй сейсмолог катары бир нече кеңеш бере кетсеңиз, кыргызстандыктар эмнени билиш керек?

- Биздин КР УИАнын Сейсмология институтунун www.seismo.kg сайтында күчтүү жер титирөө болгон учурда өзүн кандай алып жүрүү керектиги боюнча кеңири сунуштар бар. Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн да, жеке менчик имараттарда жашагандар үчүн да көрсөтмөлөр берилген. Жалпысынан менин кыргызстандыктарга кеңешим жер титирөөгө даяр туруш керек. Эгер жер титирөө сезилсе, өзүңүздү кандай алып жүрүшүңүздү түшүнүңүз. Эгерде сиз көп кабаттуу үйдө жашасаңыз, анда дубалдар жана эң бышык конструкциялар бар жерге жашырынышыңыз керек. Бул кеңештердин баары биздин сайтта бар.

Пикир

Оставить комментарий