Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарныда 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин 7 миң 147 жол эресин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир жума ичинде 61 мас айдоочу кармалган.
Ошондой эле:
- Унаасынын айнектерин караңгылатып айдап жүргөндөр – 14;
- айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөндөр – 111;
- Башка жол эреже бузуулар – 6 миң 961.
Ошол эле учурда 390 унаа айып аянтчасына коюлган.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочулар менен жөө адамдарды жол эрежесин сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий