• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкек - Кант жолунда унаа май куюучу жайдын баалар жазылган стендин сүзүп алган

Кырсык 0


Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кечээ, 17-январда Бишкек - Кант трассасында "Тойота Марк-2" унаасы "Роснефти" май куюучу жайынын баалар жазылган стенддин сүзүп алган.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын айдоочусу алдыда кетип бараткан унааны ашып өтүүгө аракет кылып жатып унааны башкара албай калган.

Жыйынтыгында 1982-жылы туулган П.С.П. аттуу айдоочу медициналык жардам алуу үчүн Ысык-Ата райондук ооруканасына кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий