• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгып, тыгылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгып, тыгылып туруп калган. Кырсык 24-январь күнү саат 21:38де болгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан куткаруучу тартылып, тыгылып калган унааны чыгарууга жардам берген.

Пикир

Оставить комментарий