• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкек мэриясы тротуарларды жана тепкичтерди кар-муздан тазалоо зарылдыгын эскертти

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Туруксуз аба ырайына жана алдыдагы болжолдонгон жаан-чачынга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаар тургундарына кыш мезгилинде өздөрүнө чектеш аймактарды кардан жана муздан тазалоо эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, кыймылсыз мүлк ээлери, менчик ээлери жана пайдалануучулары атайын бөлүнгөн жана чектеш жерлердеги тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорду жана унаа токтотуучу жайларды кардан жана муздан тазалоого милдеттүү.

Белгилендей, бул тартип Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринде белгиленген. Башкача айтканда, менчигинин түрүнө карабастан тазалыкты, тартипти сактоосу зарыл.

Ал эми, шаардын көчөлөрүн кышкы тазалоо иштери да «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Муниципалдык инспекция жарандарды жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана жаракат алуу коркунучун азайтуу үчүн кеңселердин жана үйлөрдүн жанындагы тегерек-четтердин абалына көз салууга чакырат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий