• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек мэриясынын жетекчилигинин жеке кабыл алуу графиги бекитилди

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин, мэрдин биринчи орун басарынын, мэрдин орун басарларынын, мэриянын аппарат жетекчисинин жана административдик райондордун башчыларынын жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана калк менен болгон мамилени жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Төмөндө кабыл алуулардын графиги:

Бишкек шаарынын мэри бейшемби күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат (0312-61-07-05 телефону аркылуу алдын ала жазылуу менен).

Бишкек шаарынын экономика жана финансы боюнча мэрдин биринчи орун басары бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат (0312-62-58-26 телефону аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот).

Бишкек шаарынын транспорт жана курулуш боюнча мэринин орун басары бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин шаар тургундарын жеке кабыл алат (0312-61-36-83 телефону аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот).

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары шаршемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат (0312-61-36-80 телефону аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот).

Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары жума күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жеке кабыл алуу өткөрөт (0312-61-36-80 телефону аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот).

Бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура боюнча орун басарынын жеке кабыл алуусу өтөт (0312-61-07-33 телефону аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот).

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси шаршемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат (0312-61-36-83 телефону аркылуу жеке кабыл алууга жазылсаңыз болот).

Расмий сайт https://bishkek.gov.kg/ky
YouTube https://www.youtube.com/@bishkek_meria
Facebook https://www.facebook.com/312Bishkek
Instagram https://www.instagram.com/meria_bishkek
Twitter https://twitter.com/bishkekcityhall
TikTok https://www.tiktok.com/@meriabishkekofficial

Пикир

Оставить комментарий