• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан айдоочу эки баласы менен каза тапкан. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бишкек-Ош автожолунун 500-чакырымында 11-майда саат 9:00дөр чамасында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31 жаштагы М.Н. аттуу тургунунун башкаруусундагы "Дэу-Матиз" унаасы Өзгөн районуна бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Жеңил унаа Бишкек шаарынын 50 жаштагы Ч.А. аттуу тургунунун башкаруусундагы Toyota Land Cruiser 200 автоунаасы менен кагышкан.

Натыйжада "Дэу-Матиз" автоунаасынын айдоочусу М.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочунун 6 жаштагы Т.А. аттуу уулу жана 5 жаштагы Т.Н. аттуу кызы денесинен оор жараат алып, Өзгөн райондук ооруканасында каза болгон.

Ал эми айдоочунун 30 жаштагы К. кызы Н. аттуу аялы, Land Cruiser унаасынын айдоочусу жана 16 жаштагы К.Э. 19 жаштагы К.А. аттуу жүргүнчүлөрү денелеринен ар кандай жараат алып, райондук ооруканасына жаткырылган. К. кызы Н. кош бойлуу болгон, анын боюнан түшүп калган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий