• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президент Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана конвой департаментинин 80 жылдыгын майрамдоого катышты

Президент 0


Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү департаментинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Мамлекет башчысы департаменттин кызматкерлерин куттуктап, алардын укук тартибин камсыздоодогу салымын белгиледи.

"Урматтуу аскер кызматкерлери!

Баарыңыздарды Департаменттин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Мындан ары да кайратыңыздардан жанбай, чын ниетиңиздер менен мамлекетибизге кызмат кыла бересиздер деп үмүт кылам.

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт тилейм! Ишиңиздерде сергектик, кыраакылык болуп, албан-албан ийгиликтер коштосун!

Дүйнөдө жана Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык болсун", - деди президент.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында президент кызматкерлерге ыраазычылык каттарды тапшырды.

Эскерте кетсек, иш-чарага коопсуздук кеңешинин катчысы марат Иманкулов, ички иштер министри Улан Ниязбеков, юстиция министри Аяз Баетов, коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана башкалар катышууда.

Пикир

Оставить комментарий