• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкек жана Куми шаарларынын башчылары кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/ Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кореянын Куми шаарынын мэри Ким Чжан Хо баштаган кореялык делегация менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаар турмушун өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен инфраструктуралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууда өз ара пайдалуу ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү максатында Бишкек жана Куми шаарларынын ортосунда достук алмашуу келишимине кол коюлду.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Коноктордун иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын урматына эстелик ташты ачуу аземи болот.

Эске салсак, 2022-жылдын 9-ноябрында Куми паркына "Кыргызстан менен Кореянын достук паркы" аты берилип, муну менен Бишкек жана Куми шаарларынын ортосундагы мамилеге мамлекеттер аралык статус берилген.

Маалымат үчүн: 1991-жылдын 14-августунда Бишкек жана Куми (Кенсан Букдо провинциясы, Корея Республикасы) шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий