Бишкек жана Сокулуктагы билим берүү уюмдары 2 күн онлайн сабак берүүгө өтөт

Билим 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.

Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, 25-26-октябрда Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу милдеттендирилет.

Белгилей кетсек, бул күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна, Көз карандысыз мамлекеттер мериктештигине жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйындары, ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын расмий иш сапары жана Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Ойун-Эрдэнэнин жумушчу сапары болот.

Пикир

Оставить комментарий