Бишкекте 24 күркө алынып, 1134 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду

Коом 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Бишкектин Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жеңил типтеги объектилер буздурулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, Ленин райондук муниципалдык администрациясынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

Иштин жүрүшүндө 24 күркө алынып, 1134 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

Бишкек шаарынын жер тилкелерине укук берүү комиссиясынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы чечими менен «Бейкут» ЖЧКсына 0,1134 га жер тилкесин убактылуу көрктөндүрүү жана «Ала-Арча» дарясын тазалоодо технологиялык өтмөктү тейлөө максатында берилген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишим талабы аткарылган эмес.

Буга чейин башкармалык тарабынан 2024-жылдын 19-январында муниципалдык аймакты бошотуу боюнча билдирүү берилген.

Пикир

Оставить комментарий