• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуунун очогу аныкталды — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. 2-февралда таңкы саат 03:00дө болгон Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун очогу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов "Биринчи радионун" эфиринде сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарылуунун күчү ушунчалык кубаттуу болгондуктан, айнек сыныктары менен шыйпырдын сыныктары жүз метрге чейин чачырап кеткен.

Шамырканов белгилегендей, жарылуунун кесепетинен 650-680 метр чатыр толугу менен талкаланып калган.

"Өрт лабораториясы 14-буу казандын жанындагы майдалагычтан чыкканын аныктады. Бул майдалагыч көмүрдү майдалоодо колдонулат, андан кийин көмүр буу казандарга жүктөлөт. Жарылуу ушул жерден чыккан", - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектөөдө.

Пикир

Оставить комментарий