• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте балдардын китеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган мурал пайда болду

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Бишкекте балдардын китеп окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө арналган мурал пайда болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында №21 орто мектептин дубалында жаңы мурал салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чара билим күнүнө карата уюштурулду. Дубалдагы сүрөт коомчулуктун көңүлүн жаш мектеп окуучуларынын окуу сабаттуулугун арттырууга жана китепке болгон кызыгуусун өнүктүрүүгө бурдуруу максатын көздөйт.

USAID`дин “Окуу керемет!” долбоору Кыргызстанда башталгыч класстарда окуган 450 миң окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор республика боюнча 1679 мектепте ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий