Бишкекте адам уурдоого шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкекте адам уурдоого шектүү катары издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1990-жылы туулган Ю.Р. аттуу жаранды кармашты.

Эске сала кетсек, кармалган Ю.Р. өзүнүн кылмыштуу өнөктөштөрү менен бирге 2024-жылдын 7-ноябрында Бишкек шаарынын Киев жана Разаков көчөлөрүнүн кесилишинен Э.А. аттуу жаранды унаа салып, ээн талаада ур-токмокко алып, криминалдык общакка 200 миң сом бересин деп опузалашкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголуп, изин жашырып кеткен Ю.Р.га карата издөө жарыяланган.

Кармалган 1990-жылы туулган Ю.Р. убактылуу кармоо жайына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий