• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, ошондой эле ар кыл тармактын эмгек сиңирген ишмерлери, экс-жетекчилер баштаган 1 миңге жакын аялдар катышты.

Бишкек мэри айымдарды эл аралык майрамы менен куттуктап, каалоо-тилиектерин айтты.

"Аял-затынын сулуулугунун, улуулугунун, мээримдүүлүгүнүн жана касиеттүүлүгүнүн символу болгон 8-март майрамыңыздар менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

Сиздер үй-бүлөнүн куту, мээрман эне катары, адамзатка жылуулук тартуулап, үмүт отун жандырып, канатына канат байлап, демине дем кошуп, жан дүйнөнү жаркыратып келесиздер.

Кылымдар тогошуп, доор алмашып эгемендүүлүктүн туусун көтөрүп кыйын-кезең мезгилдерде, кайра куруу учурларында саясий-экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда бардык жүктү жана түйшүктү өзүңөргө алып, кайраттуулукту, иштермандыкты көрсөтө алдыңыздар", - деди Абдыкадыров.

Чакырылган айымдар "Жаздын көркү сени менен башталат, жашоо жарык, сен бар үчүн аялзат" аттуу концерттик программага күбө болуп, иш-чаранын соңунда аларга белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий