Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” агенттигине Бишкектеги айрым мектептерде директорлордун дайындалбаганын түшүндүрдү.
Министрликтин маалыматына караганда, бул талапкерлер тестирлөөнүн алдында арыз берип, анда эмгек ишмердүүлүгүн улантууну каалаган бир мектепти көрсөтөрү менен байланыштуу.
“Эгер мектеп министрлик тарабынан мурда жарыяланган тизмеге кирбесе, демек бул мектептин директорлугуна талапкер копьютердик тестирлөөдөн өткөн эмес”, - деп түшүндүрдү ведомстводон.
Ошондой эле Билим берүү министрлиги тизмеге киргизилбеген мектептерде директордук кызмат орундары бош экенин белгиледи. Кайра тестирлөө октябрь айында өткөрүлүшү мүмкүн.
Пикир
Оставить комментарий