Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Бишкектеги №75 орто мектептин базасында "Айтматов ааламы" илимий долбоорлор сынагынын шаардык туру өттү.
Мэриядан билдиришкендей, иш-чара "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата даярдыктын алкагында өттү.
Айтматовдун чыгармаларын изилдөөгө жалпы билим берүү мектептеринин 8-11-класстарынын окуучулары катышып, райондук турда I, II орун алгандар катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга төмөнкү окуучулар ээ болушту:
- I орунга №78 орто мектебинин окуучусу К. Сапарали .;
- II орунду №81 орто мектебинин окуучусу А. Эсенбаева;
- II орунду №66 орто мектебинин окуучусу Р. Шейгенбекова;
- III орунду №77 орто мектебинин окуучусу А. Эсенбекова..
Белгилей кетсек, сынак окуучулардын улуу жазуучунун чыгармаларына болгон кызыгуусун арттырып, чыгармачыл окуучуларды изилдөө иштерине тартты.
Пикир
Оставить комментарий