• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте "Алыкул Ата журттун акыны" ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 11.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте "Алыкул Ата журттун акыны" аталышындагы ырлар жыйнагынын бет ачары өттү.

Кыргыз поэзиясыный классиги Алыкул Осмоновдун тектеш беш элдин: кыргыз, түрк, азербайжан, казак, өзбек тилдериндеги алгачкы жыйнагы Түрк мамлекеттер кызматташтыгынын 2024-жылдагы Бишкек саммитине жана акындын 110 жылдык мааракесине арналып чыгарылган.

Эмгектин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, түрк тилдүү мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү, эл жазуучулары, көрүнүктүү акындар жана коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чараны оболу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ачып, Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынын унутта калтырбоо үчүн мындай иш- чаралар өлкөнүн бардык аймактарында үзгүлтүксүз өткөрүп туруу маанилүү экендигин билдирди.

Саамалыктын жүрүшүндө катышуучулар Алыкул Осмонов кыргыз поэзиясынын жаңы доорун ачкан, улуттук адабият агымын жаны нукка бурган чыгаан акын экенин, анын чыгармачылык мурасы азыркы жана келечек муун үчүн маанилүү, чыныгы поэтикалык эргүү башаты, көркөм чыгармачылыктын бийик үлгүсү болуу менен далай муундун көркөм табитин тарбиялоо жаатында ак кызматын өтөй турганы баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий