• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Бишкекте “Алыкул фест” АРТ фестивалы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 13-июнда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Алыкул фест” АРТ фестивалы башталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага атайын чакырылган расмий меймандар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Алыкул Осмоновдун ырларынын күйөрмандары катышты.

Алгач Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын алдындагы акындын эстелигине гүл коюу менен башталып, сүрөтчүлөр, скульпторлор союзунун кыл калемдеринин көргөзмөсү, А.Осмонов тематикасына арналган сүрөт көргөзмө, Улуттук китепкана тарабынан даярдалган акындын чыгармачылыгын изилдөөгө арналган сүрөт-китеп көргөзмөсү жана акындын музейи менен таанышуу болду.

Иш- чаранын алкагында Алыкул Осмонов тематикасында кыргыз кино искусствосунда даректүү тасма сунушталып, актер жана тасманы коючу топ менен жолугушуу уюштурулду.

Аталган иш-чара кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун чыгармаларын тектеш түрк элдерине жана кыргыз окурмандарына пропагандалоо, акындын өмүрү жана чыгармачылыгын кыргыз журтчулугуна кеңири тааныштыруу максатын көздөп бир катар сынактар сынактар менен коштолот.

Фестиваль 14-июнь күнү да аталган китепканада уланып, 15-июнь күнү акындын туулуп өскөн айылы Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий