• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Даниял Назарматовдун 80 жылдыгына карата сынак өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын тунгуч гитарчыларынын бири, музыка таануучу жана профессор Даниял Назарматовдун 80 жылдыгына карата балдардын музыкалык жана искусство мектептеринин гитара классында окуган окуучулар арасында республикалык кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кароо-сынак аталган министрлик тарабынан өткөрүлүүдө.

Кароо-сынактын максаты - балдардын музыкалык жана искусство мектептеринин окуучулары арасында таланттуу аткаруучуларды табуу, гитара аспабында ойноонун техникалык ыкмаларын жогорулатуу, аткарыла турган чыгармаларды тандоодо жогорку эстетикалык туюмду тарбиялоо жана калыптандыруу, таланттуу жаш аткаруучуларды эл аралык конкурстарга алып чыгуу, гитараны музыкалык аспап катары эл арасында кеңири пропагандалоо болуп саналат.

Уюштуруунун жана катышуунун шарттары;

Кароо-сынакка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу балдардын музыкалык жана искусство мектептеринин окуучулары, жеке менчик мектептери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алышат.

Кароо-сынакта шаар жана аймактык мааниде белгиленет.

Кароо-сынак 3 турда өтөт:

I туру – Жергиликтүү, катышуучулардын саны чектелбейт. Катышуучулардын арасынан I, II, III орунду жеңип алгандар II турга катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

II тур – облустук тур облустардын борборлорунда өткөрүлөт.

III тур – республикалык тур Бишкек шаарында 2022-жылдын 4-февралында өткөрүлөт.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө ээлеген орундарына жараша төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылат:

1. Баш байге,

2. I, II,III даражадагы диплом жана грамоталар.

3. Кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.

4. Баш байгени алган окуучунун мугалимдери диплом, грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Катышуучу окуучулардын жаш-курагына жараша түзүлгөн топтор:

Кароо-сынакка балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде окуган:

1. I кенже топ - 12 жашка чейинки окуучулар,

2. II орто топ - 13-16 жашка чейин окуучулар катышат.

Кароо-сынак атайын жана жогорку окуу жайларындагы студенттери үчүн:

3.III топ 17 - жаштан 20 жашка чейин

4. IV топ - 21 жаштан -30 жашка чейин

5. Кароо-сынак (I,II топтор үчүн) шаар жана региондон келген катышуучулар деп бөлүнөт.

6. Кароо-сынак К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын базасында өткөрүлөт.

Аткарыла турган чыгармаларга коюлуучу талаптар:

1. Кенже топко: 12 жашка чейин;

а) Кыргыз композиторлорунун чыгармалары (иштеп чыккандар);

б) Эркин программа.

Чыгарманын узактыгы- 6 минутадан ашык эмес.

Аткарыла турган чыгармаларга коюлуучу талаптар:

Орто топко: 13 жаштан 16 жашка чейин;

а) Кыргыз композиторлорунун чыгармалары (иштеп чыккандар);

б) Чоң көөлөмдөгү чыгарма (соната, сонатина, вариациялар, кыялдануу ж.б.)

в) Эркин программа.

Чыгарманын узактыгы - 10 минутадан ашык эмес.

Аткарыла турган чыгармаларга коюлуучу талаптар:

Атайын жана жогорку окуу жайларындагы студенттери үчүн:

-17 жаштан 20 жашка чейин;

а) Кыргыз композиторлорунун чыгармалары (иштеп чыккандар);

б) Чоң көөлөмдөгү чыгарма (соната, сонатина, вариациялар, кыялдануу ж.б.)

в) Эркин программа.

Чыгарманын узактыгы - 15 минутадан ашык эмес

Аткарыла турган чыгармаларга коюлуучу талаптар:

Атайын жана жогорку окуу жайларындагы студенттери үчүн:

-21 жаштан 30 жашка чейин;

а) Кыргыз композиторлорунун чыгармалары (иштеп чыккандар);

б) Чоң көлөмдөгү чыгарма (соната, сонатина, вариациялар, кыялдануу ж.б.)

в) Эркин программа.

Чыгарманын узактыгы - 20 минутадан ашык эмес.

Аткаруучуга баа берүүнүн критерийлери:

- Аткаруучунун устаттык деңгээли, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана маданияты;

- Музыкалык жөндөмдүүлүгү, жеткиликтүүлүгү.

- Аткарган чыгарма аткаруучунун аткаруучулук мүмкүнчүлүгүнө дал келүүсү.

Маалымат алуу үчүн:

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги: (0312) 62 35 71.

Улуттук маданий борбор: 0312) 62 35 71.

Пикир

Оставить комментарий