• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Бишкекте Ататүрк сейил багы маселеси боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэр Айбек Жунушалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты.

Ведомстволор аралык кеңешменин жыйынтыгы боюнча борбор калаанын башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылууну, Ататүрк паркынын аймагын Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы №225 токтому менен бекитилген чек аралардагы парктын жер участокторун кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 токтому менен бекитилген 107 гектар Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер парктын аймагына кайтарылышы керек. Парктын аймагындагы объекттерди демонтаждоо жана бузуу иштери 2024-жылдын 20-майына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий