• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте батирден 75 жаштагы карыянын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бишкекте батирден 75 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Свердлов районунун Көлбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1947-жылы туулган Г.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун жансыз денесин туугандарына өткөрүлүп берилген. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий