• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түптө жүргүнчү ташыган кичи автобус бакты сүзүп, бир аял каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Курменты айылында жүргүнчү ташыган кичи автобус бакты сүзүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-январда саат 15:20лар чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 181-чакырымында болгон. А.Д. аттуу айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктан 1967-жылкы Д.Ж.Р. аттуу аял киши каза тапты. Ошондой эле 9 адам жабыркады.

Маалым болгондой, аталган унаа Чолпон-Ата - Каракол багыты боюнча жүргүнчү ташыган кичи автобус болгон. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий