• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-февралында саат 07:32де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 17-февралда саат 16:11де Жалал-Абад облусунун аймагында дагы бир жер титирөө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылында жана Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий