Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 115 чет өлкөлүк автоунаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.08.21. /Кабар/. Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 115 чет өлкөлүк автоунаа кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү унааларга карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Жол эрежесин бузган 115 чет өлкөлүк автоунаанын ичинен Россияныкы - 90, Арменияныкы - 7, Грузияныкы - 3, Казакстандыкы - 1, 13 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Аныкталган автоунаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулуп, ар кандай багытта эреже бузган төрт автоунаа айып короосуна киргизилген.

Кайгуул кызматынан аталган багытта иштер улантыла тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий