• 87.86
  • 93.94
  • 1

УКМК: Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн россиялык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, 29-ноябрь күнү издөөдө жүргөн 22 жаштагы Л.М.Ю. аттуу Россиянын жараны кармалган. Ал ушул жылдын май айында Москва шаарындагы райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысын өлтүргөн деген шек менен издөөгө алынган.

Эл аралык макулдашууларга ылайык, аны Россияга экстрадициялоо боюнча маселени чечүү үчүн россиялык жаран Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий