• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бишкекте “Чөнтөк уурулукка жол жок!” аталышындагы рейд өтүүдө

Кырсык 0


Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жыл аягына чейин “Чөнтөк уурулукка жол жок!” аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бишкек ШИИББнен билдиришкендей, жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты - уурдалган уюлдук телефондорду сатуу фактыларын аныктоо жана уурдалган мобилдик каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларынын алдын алуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө, кызматкерлер 1 сутка ичинде, уурдалган уюлдук телефондорду сатууну аныктоо жана уурдалган мобилдик түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын алдын алуу максатында, базарларда, тротуарларда жана унаа жолдорунда мобилдик аксессуарлар менен башаламан соода-сатык жүргүзгөн 25 жаранды Бишкек шаарынын ИИББга жеткирип, алардын сатыктагы 60 ка жакын уюлдук байланыш аппараттарынын ар бир сериялык номерлерин идентификациялоо менен текшерүүдөн өткөрүп, аларга кылмыштуу жол менен билип туруп табылган мүлктү сатып алуу же сатуудагы кылмыш жоопкерчилиги, Кылмыш- жаза кодексинин 217-беренесинде каралганын эскертишти.

Ошону менен бирге, көчөлөрдө соодагерлерге соода-сатык кылууда, жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратпай эрежелерди сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 2024-жылдын аягына чейин улантылат.

"Эгерде сиз чөнтөк уурулардын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же мыйзамсыз аракеттерине күбө болсоңуз жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 кыска телефонуна чалыңыз",-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий